Бүгүн ачык · 09:00–18:00 Дүйшөмбү — дем алыш Бишкектен 25 км, Чоң-Таш
«Ата-Бейит»

«Ата-Бейит»

Мемориалдар

Борбору катары репрессия курмандыктарынын жаткан жайы алынып, калган композиция анын айланасында түзүлгөн.

«Үркүн» эстелиги
«Үркүн» эстелиги

Комплекс жөнүндө

Тарыхы жана курамы

"Ата-Бейит" Улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси 2000-жылдын 14-июлунда ачылган. Комплекстин архитектору – К.Алыкулов. Жалпы аянты 2 гектарды түзөт. Ата-Бейит мемориалдык комплекси – тарыхый комплекс катары өзүнө төмөнкү эстеликтерди камтыйт:

  • Борбору катары репрессия курмандыктарынын жаткан жайы алынып, калган композиция анын айланасында түзүлгөн. Мемориалдык комплекстин курамына скульптуралык композиция жана музей, 137 киши атылып, көмүлгөн кыш бышырган меш, мемориал-эстелик кирет. Ал эми музейдин экспозициясынын авторлору - А. Исраилова, О. Ильинская, К. Кималаев болушкан.
  • 2008-жылы июнь айында кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун сөөгү Ата-Бейитке коюлуп, Ч.Т.Айтматовдун эстелиги жана көрүстөн үстүндөгү курулмасы коюлган.
  • "Ата-Бейиттин" аймагында 2010-жылы болгон апрель революциясында көз жумган мекендештерибиздин 27синин сөөгү коюлду. Ошентип, 2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырларына арналган «Бала-Бейит» мемориалдык комплекс пайда болду.
  • Ал эми 2016-жылы 1916-жылдагы Үркүн трагедиясынын 100 жылдыгына арналып, алардын урматына атайын мемориалдык комплекс ачылды.
  • 2024-жылы Баткен окуясынын курмандыктарына арналган комплекс тургузулду.