«Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси - үч доордо Кыргыз элине кызмат өтөгөн эр-азаматтардын сөөктөрүн өзүнө батырган жер. Бул жер залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен "Ата-Бейит" деп аталып калган.
"Ата-Бейит" КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден-бир көрүстөнү.
"Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси - кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсүнүн негизги этаптары тууралуу тарыхый эс тутумду калыбына келтирүү жана сактоо максатында түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
Негизги максаттар
"Ата-Бейит" УТМКсынын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсүнүн негизги этаптары жөнүндө эс тутумду түбөлүккө калтыруу;
- Кыргызстандын эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн жанын берген улуттун уул-кыздары тууралуу эс тутумду түбөлүккө калтыруу;
- Тарыхтын ар түрдүү этаптарында мамлекеттүүлүк идеясын көтөргөн жана аны турмушка ашырган элдин бекемдигин жана эрдигин эскерүү.
Негизги милдеттер
"Ата-Бейит" комплексинин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Жаштардын жарандык жана тарыхый аң-сезимин калыптандырууга, тарыхый эс тутумду сактоого жана маданий-агартуучулук иштери аркылуу муундардын байланышын жакындаштырууга көмөк көрсөтүү;
- Тарыхый жана жарандык аң-сезимди калыптандыруу үчүн маданий-агартуучулук иштерди жүргүзүү.
Комплекстин иш-аракеттери
"Ата-Бейит" комплекси:
- Митинг-реквиемдерди өткөрүүнү уюштурат;
- Жалпы жана тематикалык экскурсияларды өткөрөт;
- Мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен бирдикте тематикалык, коомдук-тарбиялык иш-чараларды өткөрөт;
- Фонддун, ошондой эле "Ата-Бейит" комплексинин түзүмдүк курамына кирген маданий мурас объектилеринин сактоо режимин жана сакталышын камсыздайт;
- Өз ишинде колдонуу үчүн архивдерде, китепканаларда жана башка мекемелерде сакталып турган материалдардын маалыматтарын изилдейт;
- Кыргызстан элдеринин биримдигин жана ынтымагын бекемдөө максатында конференцияларды, семинарларды уюштурат;
- Илимий иштерди, монографияларды, жыйнактарды, буклеттерди, жол көрсөткүчтөрдү, проспекттерди, альбомдорду, ошондой эле "Ата-Бейит" комплексинин жарнамалык продукциясын басып чыгарат.
Тарыхы жана курамы
"Ата-Бейит" Улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси 2000-жылдын 14-июлунда ачылган. Комплекстин архитектору – К.Алыкулов. Жалпы аянты 2 гектарды түзөт. Ата-Бейит мемориалдык комплекси – тарыхый комплекс катары өзүнө төмөнкү эстеликтерди камтыйт:
- Борбору катары репрессия курмандыктарынын жаткан жайы алынып, калган композиция анын айланасында түзүлгөн. Мемориалдык комплекстин курамына скульптуралык композиция жана музей, 137 киши атылып, көмүлгөн кыш бышырган меш, мемориал-эстелик кирет. Ал эми музейдин экспозициясынын авторлору - А. Исраилова, О. Ильинская, К. Кималаев болушкан.
- 2008-жылы июнь айында кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун сөөгү Ата-Бейитке коюлуп, Ч.Т.Айтматовдун эстелиги жана көрүстөн үстүндөгү курулмасы коюлган.
- "Ата-Бейиттин" аймагында 2010-жылы болгон апрель революциясында көз жумган мекендештерибиздин 27синин сөөгү коюлду. Ошентип, 2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырларына арналган «Бала-Бейит» мемориалдык комплекс пайда болду.
- Ал эми 2016-жылы 1916-жылдагы Үркүн трагедиясынын 100 жылдыгына арналып, алардын урматына атайын мемориалдык комплекс ачылды.
- 2024-жылы Баткен окуясынын курмандыктарына арналган комплекс тургузулду.
Ошентип, "АТА-БЕЙИТ" оңой эмес тагдырларга кабылган, өмүрү, каны менен тарых жараткандардын жаткан жайына айланды.
Мекеме
- Укуктук статусу
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-августундагы №468 токтому
- Директору
- Болот Жумашевич Абдрахманов, тарых илимдеринин доктору
- Карамагы
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги