Бул баракта
Бул музейде эң негизги маалымат 1937-38-жылдардагы бейкүнөө куугунтукталып, сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон Кыргыз совет мамлекеттүүлүгүнүн эң алгачкы кышын койгон тарыхый инсандарга арналган.
Репрессия жана Чоң террор
Репрессия - мамлекеттик органдар тарабынан колдонулган жазалоо чарасы. Сталиндик репрессиялар - сталинизм мезгилиндеги СССРде жүргүзүлгөн массалык саясий репрессиялар (1920-1953-жылдары). Репрессиянын курмандыктары саясий (контрреволюциялык) кылмыштары үчүн деген жалаа менен өлүм жазасына же эркиндигинен ажыратууга соттолгон, куугунтукталган. Мындан тышкары, изилдөөчүлөр бул репрессиялардын жалпы совет коомуна, анын демографиялык жагына (сүргүнгө айдалган адамдардын саны миллиондоп саналган) олуттуу терс кесепеттерин тийгизгенин белгилешет.
Чоң террор - СССРде адатта 1937-1938-жылдарга таандык массалык репрессиялардын жана саясий куугунтуктардын мезгили, массалык террор өнөктүгүн Сталин жеке өзү уюштурган жана Советтер Союзунун экономикасына жана аскердик күчүнө өзгөчө зыян келтирген. Сталиндик репрессиялардын идеологиялык негизи 1928-жылы июлда Сталин тарабынан ВКП(б)нын Борбордук Комитетинин пленумунда көтөрүлгөн "социализмдин курулушу аяктаган сайын таптык күрөштү күчөтүү" концепциясы болгон. Чындыгында, бул СССРдин жазалоочу органдарынын алдында "элдин душмандарын" жок кылуу милдети болгон.
НКВДнын №00447-буйругуна ылайык, бул мезгилде (1937-1938-жж.) 681 692 адам атылган. Жалпысынан саясий негизде СССРде 1 372 382 адам камакка алынган. Саясий себептер менен атылган 681 692 адам контрреволюциячыл жана башка өзгөчө коркунучтуу мамлекеттик кылмыштар үчүн шарттуу "сталиндик мезгил" үчүн 1921-жылдан 1953-жылга чейинки атылгандардын (799 455) жалпы санынын 85% түзгөн.
Кыргызстандагы репрессия
Каралып жаткан мезгилде Кыргызстанда да репрессия массалык мүнөзгө ээ болуп, өзүнүн туу чокусуна жетип, коомдун социалдык-саясий өнүгүүсүнө чон зыян келтирди. Сталиндик өзүм билемдик, тоталитардык мамлекеттин жылдарында толук эмес маалыматтар боюнча 20 миңге чукул адам репрессияланган. Ар кандай улуттагы 3 миңден ашык бейкүнөө адамдар сотсуз жана тергөөсүз атылган.
Ата-Бейиттин сыры

«Ата-Бейит» КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден-бир көрүстөнү. Көпчүлүк тарыхчылардын пикиринде, Кыргызстандан 40 миңге чукул киши 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон деп айтылат. Бирок репрессияны изилдөөчү Болот Абдрахмановдун изилдөөсүндөгү такталган архивдик маалыматтар боюнча репрессиялангандардын жалпы саны 18 миңге жакын адамды түзгөн. Репрессиялангандардын санын дагы тактоо алдыда турат.
1991-жылы ушул жерде 1938-жылы «улутчул, эл душманы» деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгү көмүлгөн жер табылган. Бүбүйра Кыдыралиева атасынын айткан аманатын жарым кылым сактап жүрүп, кийин Кыргызстан эгемендик алган жылдарда тиешелүү кишилерге айтып, «Ата-Бейиттин» сырын ачкан.
«Далай жылдан кийин атам ооруп калган учурунда эски окуяны эстеп, мага атайын ошону керээз кылды эле. Дүйнө салып кетээрине көзү жеткен экен. «Кызым баягы сасык жыт, түнкү жарыкта шоола чыккан дөбөдө кыргыздын каймактары жатат. Убагы келип, жакшы заман болсо ошону айт кызым. Тууган-уругу зыркырап жүргөндүр» деди эле атам», - деп эскерет Бүбүйра апа. Ал жерди казганда 30-40 см.ге жетпей биринчи баш сөөк табылган. Эң ынанымдуу далил – казган учурда табылган «Атууга чыккан соттун өкүмү тууралуу» билдирме болду.
Сөөктөр кайра жерге берилип, ал жер «Ата-Бейит» деп аталды. Табылган сөөктөрдүн арасында атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов да болгон. «Ата-Бейит» деген атты улуу жазуучу сунуштаган экен.
«Атылган кишилердин сөөгүн ирети жок эле, биринин үстүнөн бирин таштай беришиптир. Анан баш сөөктөрүндө ок тешкен жери – биринчи далил болду», - дейт 137 адамдын сөөгү казып алуунун башында турган тарых илимдеринин доктору, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ардактуу полковниги Болот Абдрахманов.
Кыргызстандын аймагында бир эле «Ата-Бейит» эле эмес, сыры ачылбаган ондогон мындай жайлар болушу мүмкүн экени, алар казуу, тактоо, изилдөө иштерин талап кылаарын тарыхчылар белгилеп жүрүшөт.
Мамлекеттик ишмерлер

Ата-Бейитте ондогон Кыргыз совет мамлекеттүүлүгүнүн эң алгачкы пайдубалын түптөгөн инсандардын сөөгү жатат.
Иманалы Айдарбеков
1894-жылы Орусия империясынын Жети-Суу облусуна караштуу Арчалы айылында туулган — 1938-жылы 5-ноябрда Фрунзе шаарында атылган. Кеңеш доорундагы кыргыз мамлекеттик жана коомдук ишмери, саясатчы. Кара-Кыргыз Автономиялык областынын революциялык комитетинин төрагасы, Кыргыз АССРинин Башкы сотунун төрагасы.
ТолугураакЖусуп Абдрахманов
1901-жыл 28-декабрда Орусия империясынын Түркстан аймагына караштуу Пржевальск уездинин Күңгөй-Аксуу болуштугундагы Чиркей айылында туулган — 1938-жыл 5-ноябрда Фрунзе шаарында атылган. Советтик мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин биринчи төрагасы.
ТолугураакТөрөкул Айтматов
1903-жылы Орусия империясынын Сырдарыя облусуна караштуу Олуяата уездинин Күркүрөө болуштугунда туулган — 1938-жылы 5-ноябрда Фрунзе шаарында атылган. Саясий жана мамлекеттик ишмер, Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин 2-катчысы, Кыргыз АССР соодасынын эл комиссары.
ТолугураакБаялы Исакеев
1897-жылы Кочкор өрөөнүндөгү Үчүкө болуштугундагы Үкөк айылында төрөлгөн — 1938-жыл 5-ноябрда Фрунзе шаарында атылган. Кыргыз советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер, Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы.
ТолугураакОсмонкул Алиев
1903-жылы Чүй өрөөнүнүн Жайыл аймагына караштуу Чолок-Арык айылында туулган — 1938-жылы 5-ноябрда Ворошилов районунун Чоң-Таш айылында атылган. Кыргызстандагы алгачкы агартуучулардын бири, журналист, мамлекеттик жана саясий ишмер.
ТолугураакКасым Тыныстанов
1901-жылы 10-сентябрда Ысык-Көл районунун Чырпыкты кыштагында туулган ― 1938-жылы 6-ноябрда Фрунзе шаарында атылган. ― кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист, биринчи кыргыз профессору.
ТолугураакМурат Салихов
1905-жылы Фергана областынын Рават айылында туулган - 1938-жылы 5-ноябрда Ворошилов районунун Чоң-Таш айылында атылган. Кыргыз советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер, 1937-жылы Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы, 1938-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Борбордук аткомунун төрагасы.
ТолугураакЭркинбек Эсенаманов
1904-жылы Орусия империясынын Сырдарыя облусуна караштуу Олуяата уездинин Кара-Сай айылында туулган – 1938-жылы 5-ноябрда Ворошилов районунун Чоң-Таш айылында атылган. Советтик жана партиялык ишмер, 1937-жылы Кыргыз АССРинин жер боюнча эл комиссары болгон.
ТолугураакДал ушул инсандар өлкөнүн алгачкы саясий-экономикалык жактан өнүгүүсүнө, жана элдин жапырт сабатсыздыгын жоюуда эң негизги ролду ойношкон. Ошондой эле Ата-Бейиттин аймагынан табылган 137 инсандын 19 улуттун өкүлдөрү болуп, алардын ичинен 45и кыргыздар ал эми калгандары башка улуттун өкүлдөрү болгон.
Атылгандардын ысымдары
- Абдраимов Абдукадыр
- Абдрахманов Абдрай
- Абдрахманов Жусуп
- Абдулаев Гариф
- Азизов Ахмет
- Аипов Якуб Ахун
- Айдарбеков Иманалы
- Айтматов Төрөкул
- Акимов Азим Ахун
- Алиев Ибраим
- Алиев Осмонкул
- Алимов Азиз Ахметжанович
- Андрес Сергей Михайлович
- Ахметов Мамаджан
- Ахмет Ахунов Баки Ахун
- Байбасунов Иса
- Байбасунов Сартбай
- Бакиев Мамут Ахун
- Белоусов Иван Захарович
- Белошицкий Борис Васильевич
- Бенгард Федор Егорович
- Бергман Петр Юлиусович
- Боровой Иван Григорьевич
- Булатов Абдрахман
- Булатов Юсуп Исхакович
- Валл Вильгельм Давыдович
- Ван-Дзи-Ван-Чан-Лин
- Ван-Лин-Ван
- Гольцев Петр Николаевич
- Горбачевский Владислав Юлианович
- Дейс Фридрих Готфридович
- Джавгошпаев Умуралы
- Джамансариев Асанбай
- Джиенбаев Хасан
- Джумаев Омор
- Достаев Токтосун
- Зайдель Нотта Янкель Беркович
- Зиновьев Яков Павлович
- Зульфибаев Дали
- Зунунов Хасан Ахун
- Зунун Давлет
- Иманбаев Мукаш
- Имин Ахунов Исмет
- Исакеев Баялы
- Исмаилов Ибраим Ахун
- Исмаилов Сакмамбет
- Исмаилов Тохта Ахун
- Камбаров Курман
- Кан-Тай-дю
- Каримов Юсуп
- Качибеков Абдулла
- Кашеваров Сергей Афанасьевич
- Кененбаев Керим
- Киргизбаев Бахирдин
- Котляров Даниил Иванович
- Креницкий Людвиг Казимирович
- Кузьмин Иосиф Иванович
- Кульназаров Нуркул
- Лепин Артур Янович
- Лиценмайер Владимир Августович
- Ли-Ха Сами
- Лузанов Михаил Николаевич
- Лу-Чан-Той
- Львов Павел Константинович
- Люфинг Егор Емельянович
- Люфт Александр Александрович
- Люфт Константин Александрович
- Лю-Же-Чин
- Магаз Арзы
- Магай Андрей Иннокентьевич
- Маметов Ахмет
- Мамояров Кадыр
- Мельденбергер Иосиф Иванович
- Миллер Теодор Теодорович
- Мулдогазиев Акимхан
- Мурабединов Идаит-Ахун
- Мусабаев Ашур Ахун
- Мухамедов Ашим
- Насыров Бахтин
- Насыров Майлякули
- Нурдинов Гапирджан
- Нурматов Керим
- Нур Ахунов Курман Ахун
- Омуркулов Джоробек
- Ошуров Аит Ахун
- Полинкаш Андрей Амбросович
- Прохоров Григорий Антонович
- Рихтер Михаил Эдуардович
- Сагынбаев Касым
- Сакенов Ниязалы
- Салихов Мурат
- Сарбанов Ченгиш
- Серкибаев Нурдин
- Скалицкий Иосиф Францевич
- Сулейманов Чекуш
- Султанбеков Ешбай
- Суфиев (Сопиев) Имин
- Талипов Юсуп
- Таранченко Григорий Филиппович
- Тарковский Биакий Адзилович
- Таша-Ахунов Юсуп Ахун
- Токтосунов Муса
- Тохтаев Бакры
- Тохтаев Сыдык
- Тохтахунов Исмаил Ахун
- Турдахунов Тохта-Ахун
- Турдиев Имин Ахун
- Турды-Ахунов Ахмат Ахун
- Тыныстанов Касым
- Усманов Усаин
- Ходжанов Мамет
- Ходжимамабаев Сабит
- Худайбердиев Ибраим
- Хунлава Харти
- Чалов Самат
- Ченгазиев Алыбай
- Чепизубов Петр Павлович
- Чонбашев Сыдык
- Чормаков Ахматбек
- Чуруков Алахун
- Шабдамбеков Умаралы
- Шамурзин Султанкул
- Шарипов Садык
- Шафиков Шакир Галимович
- Шевелев Александр Иванович
- Шоруков Кожокан
- Эсенаманов Тагай
- Эсенаманов Эркинбек
- Юлдашев Каримджан
- Юн-Сан-Син
- Юрчев Борис Емельянович
- Юсупов Абдулла
- Юсупов Шарип Ахун
- Юсуп Ахунов Садык Ахун
- Янишевский Александр Николаевич
- Янцен Генрих Генрихович
- Яцковский Бронислав Стефанович
- Ысымы белгисиз аял
Болжолдуу талдоо менен ала турган болсок да, 16 жаштагы уландардан 80 жаштагы аксакалдарга чейин, партиянын жана Өкмөттүн жетекчилери, жогорку билимдүү адистер, командирлер жана окумуштуулардан баштап, жөнөкөй жумушчулар менен дыйкандарга, сабатсыз колхозчуларга жана майда соодагерлерге чейин репрессиянын курмандыктары болгон.
Куугунтукталгандардын социалдык портретинин маанилүү мүнөздөмөсү - алардын улуттук курамы. Улуттук курам боюнча карасак 55 улуттун өкүлдөрү репрессияланган.
1920-1953-жылдар аралыгында Кыргызстанда репрессиялангандардын саны «Кыргызстандагы саясий репрессиялардын курмандыктары (1920-1953-жж.)» он томдук китептеги маалыматтары боюнча 17 134 адамды түзгөн.
Отузчулардын каты
Репрессия музейинде 20-50-жылдардагы куугунтуктун курмандыгы болгон саясий-социалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө да берилген маалыматтар да бар:
Өткөн кылымдын 20-жылдарында автономиялык облуста калктын социалдык-экономикалык абалы анча жакшы эмес эле. 1916-жылдагы элдик көтөрүлүштөн кийин көйгөйлөр арбын болуп, элдик чарба аксап турган. Анысы аз келгенсип, эл башкаргандар ич ара бөлүнүп, интеллигенция арасында пикир келишпестиктер кызып, саясий абал курчуп турган. Так ошондо мамлекеттик кызматта иштеген саналуу адам аймактагы маселелерди айтып чыгып, кат менен борбордук бийликке кайрылган.
Кат автономиялык облус аймагында бийликтин аткаруу бутагында иштеген 30 кызматкер тарабынан жазылган. Алардын арасында Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков баштаган кыргыздын каймактары болгон. Андан сырткары, укук коргоо, саламаттык сактоо, айыл чарба тармактарынын жетекчилери да бар. Башында ал кагазга кол койгондордун саны 31ге жеткен.
Бирок кийин Пишпек округунун аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Бакас Муратов четке кагып, баш тарткан, ошентип кат жазгандардын саны 30 болуп калган. Эл чарбасы аксап, калк арасындагы жер бөлүштүрүүдө тең укуктуулук сакталган эмес. Арыздангандар аймактын өнүгүүсү үчүн агартуучулук чоң түрткү болуп бере тургандыгын белгилеп, жалпы бийлик өкүлдөрүн аталган маселеге көңүл бурууга үндөгөн. Отузчулар жалпы сегиз талап коюп, эгер ал шарттар аткарылбаса өздөрүн кызматтан алууну суранган. Ошондой эле эгер жагдай өзгөрүлбөй турган болсо, тарыхый жоопкерчиликтерди өз мойнуна ала албай тургандыгын баса белгилешкен. Кат көздөгөн органдарга жеткенден кийин Кара-Кыргыз автономиялык облусунун аткаруу комитетинин биринчи катчысы Михаил Каменский өз каалоосу менен кызматын тапшырат. Кагазга кол койгондор да жумушунан айдалып, ата-тегине чейин текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Андан соң бир жылга жетпеген убакыт ичинде Кыргызстан автономиялык республика макамын ала алган.
Репрессияланган аялдар
ХХ кылымдын 20-50-жылдардагы саясий репрессиялардын капшабында эркектер да, аялдар да болгон. 15-август 1937-жылы CCCP НКВДнын №00486-ыкчам буйругу чыгарылып, ал мекендин чыккынчыларынын аялдарына, биринчи жана экинчи категориядагы аскер коллегиясы менен аскер трибуналдары тарабынан соттолгон троцкисттик тынчылык жана диверсиялык уюмдарга каршы багытталган. СССРин 1942-жылы 27-июлунда №252 СССР НКВДсынын жана прокуратурасынын директивасынын таасири астында соттолгон Мекен чыккынчыларынын үй-бүлө мүчөлөрү жазага тартылган. Мекендин чыккынчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн иштери атайын жыйында каралган. НКВДнын №00486-буйругу боюнча эки категориядагылар репрессияланган. Биринчисине саясий репрессияланган жетекчилердин аялдары, экинчисине душман тарапка өткөн Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги Мекендин чыккынчыларынын үй-бүлөлөрү кирген. Жалпы СССРдин аймагында ГУЛАГдын (Главное управления лагерей – СССР учурундагы жазалоочу орган) 428ден ашык лагери болгон экен. Анын төртөө аялдарга арналган: Орусия аймагындагы Темляковский, Мордовиядагы Темниковский, анан Казакстандын Акмоло облусунун аймагындагы АЛЖИР, Кыргызстандын башкалаасы Бишкектен 100 чакырымдай алыстыктагы “Жаңы-Жер” лагери.
"Кыргызстандагы саясий репрессиялардын курмандыктары (1920-1953-жж.)" китебиндеги архивдик-документалдык маалыматка ылайык республикада бардыгы болуп 700ге жакын аялдар репрессияланган. Алардын ичинен 34 аялга Эң жогорку жаза колдонулган.
Аскер кызматкерлеринин репрессияланышы
Советтик коомдо репрессиянын объектилеринин бири Куралдуу күчтөр болгон. Кыргызстандагы аскердик репрессиялар иш жүзүндө 1936-жылдын экинчи жарымында башталган, бирок эң чоң масштаб маршал Тухачевский жана башка жети жогорку даражалуу аскер 1937-жылдын май-июнунда камакка алынып, соттолгондон кийин атылган; 1937-1938-жылдары аскер кызматчыларын репрессиялоо туу чокусуна жеткен, ал эми 1939-1941-жылдары кескин төмөндөгөн. Республиканын Кызыл Армиясынын ондогон командирлери жана жоокерлери мыйзамсыздыктын жана жалган айыптоолордун курмандыктары болгон. Саясий репрессиянын негизги соккусу командалык курамга багытталган. Кыргызстандагы Кызыл Армиядагы репрессиянын курмандыктарынын негизги бөлүгүн СССРдин Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясы караган "Социал-Туран партиясынын" катышуучулары жана мүчөлөрү түзгөн. 1937-1938-жылдары республикада Куралдуу Күчтөрдүн калыптанышынын жана өнүгүшүнүн башатында турган көрүнүктүү аскер командирлери (44 адам) "СТП "аскердик филиалына" таандык деген жалаа менен репрессияланган. Алардын арасында өз элинин көрүнүктүү уулдары, биринчи билимдүү аскер кадрлары болгон. "Кыргыз Республикасындагы саясий репрессиялардын курмандыктары китебине ылайык (1920-1953-жж.)” республикада бардыгы болуп 593 аскер кызматчысы репрессияланган. Аскерлерге жана аскер бөлүктөрүнүн жетекчилик курамына каршы репрессиялык саясат республикадагы аскердик түзүлүштөрдүн системасына олуттуу зыян келтирди. Ошол эле учурда НКВД органдары да террордун объектиси болгон. Жалпысынан, изилдөөчүлөрдүн айтымында, СССРде 20 миңден ашуун чекист репрессияга дуушар болгон. "Кыргыз Республикасындагы саясий репрессиялардын курмандыктары (1920-1953-жж.)" китебине ылайык 284 укук коргоо органдарынын кызматкерлери, анын ичинде НКВДнын 125 кызматкери репрессияланган.
Азыркы коомдун маанилүү милдети тарыхый адилеттүүлүк жана жоопкерчилик сезими менен өткөндү туура баалоо, туура сабактарды алуу, саясий репрессияланган жарандарыбыздын ысымдарын унутпоо болуп саналат. Бүгүнкү күндө сталиндик репрессиянын көптөгөн курмандыктары калыбына келтирилип, алардын таза ысымы кайтарылды. Алдыда реабилитациялоо процессинин жаңы этабы күтүлүүдө.