Бүгүн ачык · 09:00–18:00 Дүйшөмбү — дем алыш Бишкектен 25 км, Чоң-Таш
«Ата-Бейит»
КыргызчаРусскийEnglishTürkçeDeutsch
Репрессия курмандыктарынын эстелиги

Репрессия курмандыктарынын эстелиги

«Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси

Ак ийилет,
бирок сынбайт.

Оңой эмес тагдырларга кабылган, өмүрү, каны менен тарых жараткандардын жаткан жайы.

Комплекс жөнүндө

Үч доордо кыргыз элине кызмат өтөгөн эр-азаматтардын сөөктөрүн өзүнө батырган жер.

«Ата-Бейит» — кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсүнүн негизги этаптары тууралуу тарыхый эс тутумду калыбына келтирүү жана сактоо максатында түзүлгөн мамлекеттик мекеме.

Бул жер залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен «Ата-Бейит» деп аталган.

Комплекс жөнүндө
ачылган жылы
2000
жалпы аянты, гектар
2
ысым, 1938-жыл
137
мемориал
5

Сыр · 1938–1991

Жарым кылым сакталган аманат

  1. 1938Ноябрда Кыргыз совет мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү болгон 137 адам Чоң-Ташта атылып, кыш бышыруучу мешке жашыруун көмүлгөн.
  2. 1991Бүбүйра Кыдыралиева атасынын аманатын айтып, жайдын сыры ачылды. 12-июнда казуу башталды.
  3. 30.08.1991Сөөктөр мамлекеттик аза күтүү зыйнаты менен кайра жерге берилип, жер «Ата-Бейит» деп аталды. Эртеси Кыргызстан эгемендүүлүгүн жарыялады.

Кызым, баягы сасык жыт, түнкү жарыкта шоола чыккан дөбөдө кыргыздын каймактары жатат. Убагы келип, жакшы заман болсо ошону айт кызым.

Бүбүйра Кыдыралиеванын эскерүүсүнөн
Окуяны толук окуу

Ысымдар · 1938

137 ысым жана бир белгисиз аял.

1938-жылдын ноябрында Чоң-Ташта атылгандар. Ысымды басып, анын тагдыры менен тааныш болуңуз.

Бардык ысымдар: 1938 · 2010 · Баткен → Ысым боюнча кошумча маалыматыңыз барбы? Бизге жазыңыз

Зыярат

Чоң-⁠Таш, Ала-⁠Тоонун этегинде.

Иш убактысы
Шейшембиден жекшембиге чейин, 09:00–18:00. Дүйшөмбү — дем алыш.
Билет
Чоңдор — 50 сом · студенттер — 40 сом · окуучулар — 30 сом · чет элдик жарандар — 200 сом
Дарек
Чүй облусу, Аламүдүн району, Таш-Дөбө айылы (Чоң-Таш). Бишкектен 25 км түштүктө.

Маалымат комплекс тарабынан тастыкталууда.

Бишкектен «Ата-Бейитке» чейин болжол менен 25 км, түштүккө, Ала-Тоонун этегине Бишкек ≈ 25 км «Ата-Бейит» Чоң-Таш ЧҮЙ ӨРӨӨНҮ Ала-Тоо

Жаңылыктар

Акыркы окуялар

Бардык жаңылыктар

Бүбүйра Кыдыралиева дүйнөдөн өттү

«Ата-Бейиттин» сырын ачып берген Бүбүйра апа болжол менен 95 жашында дүйнөдөн өттү. Атасынын аманаты 1991-жылы 137 адамдын жаткан жерин табууга жол ачкан.