Бул баракта
Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган.
Өмүр жолу
1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн, 1956-1958-жж. Москвадагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон. Согуш жылдарында Шекер айылында айылдык Кеңештин катчысы, райфинбөлүмдүн агенти, 1953-1956-жж. Кыргыз мал-чарба илимий-изилдөө институтунун эксперименттик фермасында зоотехник, 1958-1960-жж. "Литературный Киргизстан" журналынын редактору, 1960-1965-жж. "Правда" гезитинин өз кабарчысы, 1965-1986-жж. Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы, 1988-1990-жж. "Иностранная литература" журналынын башкы редактору, СССР Президентинин кеңешчиси, 1991-жылдан элчилик кызматта (1991-жылдан Кыргызстандын Бельгия мамлекетиндеги элчиси) болгон. Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган. Орус жана кыргыз тилдеринде жазып, биринчи аңгемеси "Гезитчи Дзюйдо" деген ат менен 1952-жылы "Киргизстан" альманахында орус тилинде жарыяланган. "Литературная газета", "Новый мир", "Литературный Киргизстан" журналдарынын редколлегия мүчөсү болгон. 1956-жылдан тарта СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Анын чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлде көтөрүп, жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары КМШ өлкөлөрүнүн драма жана опера театрларынын сахналарында коюлган жана чыгармалары боюнча тартылган кинофильмдер Эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына жана байгелерине татыктуу болгон.
Чыгармачылыгы
Алгачкы аңгемелери 1952-жылы орус тилинде "Комсомолец Киргизии" газетасына жана "Киргизстан" альманахына жарыяланат. Ал ошол кезде эле В. Катаевдин "Полктун уулу" повестин, М. Бубеновдун "Ак кайың" романын которот, бирок алар басылган эмес. Андан кийин "Ак жаан", "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" аттуу кыргызча жазылган аңгемелери жарыяланат. Анын чыгармачылык ишиндеги бурулуш 50-жылдардын ортосунда болот. Бул жылдары "Бетме-бет" (1958) жана "Обон" ("Жамийла", 1959) повесттери кыргызча жана орусча жарыкка чыгат. Адам мүнөзүн, психологиясын ачууда "Бетме-бет" повести кыргыз прозасына жаңылык катары кирди. "Обон", "Жамийла" повесттери кыргыз идеялык-эстетикалык проблематикасы жана ага шайма-шай келген көркөмдүк сапаты менен кыргыз совет адабиятындагы нукура жаңычыл чыгарма болуп, бат эле көп тилдерге которулду. "Жамийла" өнүп-өсүп калган кыргыз прозасынын жаңы сапатка жетишип, өркүнү өскөн адабияттардын деңгээлине көтөрүлгөнүн дүйнөгө маалым кылды. Ошондон бери Айтматов жаңы чыгармаларында сейрек кездешүүчү талантынын улам жаңы кырларын ачып келе жатты. "Кызыл жоолук жалжалым" ("Тополёк мой в красной косынке", 1961), "Бото көз булак" ("Верблюжий глаз", 1961), "Биринчи мугалим" (1962), "Саманчынын жолу" (1963) деген повесттеринде жазуучунун нравалык, философиялык изденүүлөрү андан ары тереңдеп, чеберчилиги бийиктен бийикке көтөрүлгөн. Аларды айрыкча "Биринчи мугалим" повестинен ачык көрүүгө болот. Повесть өткөндөгү окуяларды сүрөттөсө да, азыркы мезгил менен үндөш көйгөйдү козгойт. Башкы каарман Дүйшөн өктөмдүгү, өз идеалы үчүн курман болууга кайылдыгы менен адабияттагы Левинсон, Павел Корчагиндин образдарына барабар турат.
Анын "Саманчынын жолу" повести Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы кыргыз элинин тылдагы кыйын, күжүрмөн, баатырдык эмгегин даана сүрөттөйт. Чыгарманын баш каарманы Толгонайдын элеси аркылуу жазуучу согуштун оор сыноолорун майышпай көтөргөн карапайым кыргыз аялынын типтүү образын түзгөн. Бул трагедиялуу боектор менен жазылган зор оптимисттик күчкө ээ болгон Толгонайдын образына күчтүү драмалык чыйралыш, терең психологизм, эпикалык кеңири масштабдуулук мүнөздүү. Ал эми "Жаныбарым, Гүлсарым!" ("Прощай, Гульсары") повестинин жарык көрүшү көп улуттуу совет адабиятына зор идеялык-эстетикалык табылга катары кирип, кыргыз прозасы социалисттик реализм жолунда дагы алдыга илгерилегенин далилдеди. Чыгарманын сюжетин кураган окуялар кыргыз айылынын турмушу менен чектелсе да, анда жалпы совет коомуна орток маселелер көтөрүлгөн.
Айтматовдун "Ак кеме" аттуу повести жазуучунун чыгармачылыгында бөтөнчө мааниге ээ. Бул чыгармада адам тагдырынын не бир катаал жактарын изилдөөдөгү жазуучунун кыраакылыгы, интеллектуалдуулугу, ийкемдүүлүгү көрүндү. Повесттин гуманисттик пафосу баштан-аяк адамдын бийик сапаты жана нравалык тазалыгын даңазалайт. "Ак кеме" — түзүлүшү татаал, кабат-кабат мазмундуу, көп проблемалуу чыгарма.
Жазуучу өзүнүн балалыгы туш келген согуштун катаал күндөрүнүн элесинен алып "Эрте жаздагы турналар" (1973) аттуу лиро-романтикалык стилдеги повестин жараткан. Жазуучу "Манас-Атанын ак кар, көк музу" аттуу автобиографиялык очеркинде повесттеги "Аксай десанттары": Анатай, Эркинбек, Эргеш, Кубаткул өзүнүн классташ курбулары экендигин баяндайт.
"Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" (1977) повестинде алыскы Охотск деңизинин жээгиндеги нивх элинин турмушу сүрөттөлгөн. "Кылым карытар бир күн" (1980), "Кыямат" (1986), "Кассандра тамгасы" (1995) романдарында жазуучу учурдун актуалдуу проблемаларын: илим, техниканын, дүйнөлүк, эл аралык коммуникациялык байланыштын күчтүү басымы алдында адам өзүнүн жеке адамдык өзгөчөлүгүн, индивидуалдуулугун, адамгерчилик сапатын, өзүнө, келечекке болгон ишенимин сактап калуу аракеттерин Едигей, Бостон, Авдий, Филофей, Роберт Борк, Руна Лопатиналардын образдары аркылуу чагылдыруу менен адамзатты ыймандык тазалыкка чакырат.
Ошондой эле, публицистикалык очерктердин, адабий сын макалалардын, эссе жанрынын чоң чебери. Жазуучунун ар кайсы жылдары жарык көргөн макалаларынын топтомдорунан түзүлгөн "Жер, суу менен авторлош" (орус тилинде), "Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат" (кыргыз тилинде) жыйнактары тематикасынын кызыктуулугу, проблеманы терең ачып бере билүү чебердиги, көркөмдүгү менен анын көркөм жанрдагы чыгармаларынан кем эмес окурмандарды өзүнө тартып турат. Япон философу Д. Икэда менен "Духтун улуулугуна ода" (1993), казак акыны жана коомдук ишмер М. Шаханов менен "Жар боюнда боздоп калган аңчынын ыйы" (1996) аттуу диалогдору – бүгүнкү күндүн актуалдуу проблемалары, дегеле турмуштук ар кандай көрүнүштөр зор философиялык тереңдикте, турмуштук-фактылык ынанымдуулукта көркөм чагылдырылган баяндар.
Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы улуттук адабият үчүн эле эмес улуттук искусствонун башка түрлөрүнүн өнүгүүсүнө да өзүнүн зор таасирин тийгизди. Анын чыгармаларынын негизинде музыкада чакан обондуу ырдан тартып симфонияга чейин жазылды, көркөм сүрөт искусствосунда ондогон, жүздөгөн эмгектер жаралды, театралдык спектаклдер, кино-фильмдер коюлду.
ЮНЕСКОнун билдирүүсү боюнча Ч. Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктердин бири. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, бир нече ирет чоң тираж менен (1998-ж. жалпы саны 67,5 млн. экз.) кайталап басылган. "Айтматов таануу" деген илимий атайын дүйнөлүк адабий процессте кеңири колдонулууда. 1989-ж. Бишкекте эл аралык Айтматов клубу (негиздөөчүсү жана президенти окумуштуу А. Акматалиев) түзүлгөн. Анын кыргызстандык жана чет өлкөлүк мүчөлөрү белгилүү илимпоздор, журналисттер, адистер ж.б. Клубдун жобосу, секциялары, адабият, көркөм өнөр жана маданият жагындагы эл аралык сыйлыгы бар. 1992-ж. Бишкекте коомдук Айтматов таануу институту түзүлгөн. Ошондой эле, Бишкекте "Айтматов чыгармаларынын китепканасы", 1993-ж. Эл аралык коомдук айтматовдук Академия уюштурулуп, анын анык, ардактуу академиктери шайланган.
Сыйлыктары
Кыргыз эл жазуучусу (1968), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1979), КР УИАсынын анык мүчөсү (1974). Социалисттик Эмгек Баатыры (1978), Лениндик (1963) жана СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1968, 1977, 1983), Европа Илимдер, искусство жана адабият академиясынын анык мүчөсү (Париж, 1983), Бүткүл дүйнөлүк Илим жана искусство академиясынын академиги (Стокгольм, 1987), "Ысык-Көл форумунун" президенти, Австрия, Австралия, Америка, Индия, Италия, Түркия, Япония ж. б. өлкөлөрдүн эл аралык сыйлыктарынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Эл баатыры (1997).
«Ата-Бейитте»
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.
Чыңгыз Айтматов каза болгондон кийин сөөгү атасынын жанына, "Ата-Бейитке" коюлду. Зар какшап, атасынын сөөгү кайда жатканын билбей бир кезде издеген уулу мезгили келгенде атасынын жанынан түбөлүккө жай алды.
Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги 2013-жылдын 12-декабрында ачылган. Ч.Айтматовдун мемориалдык комплексинин долбоорунун үстүнөн «Ата-Бейит» мемориалдык комплекстин долбоорун аткарган «Аката» чыгармачыл мастерскоюу иштеп, долбоордун авторлору, айкелчи Садабек Ажиев жана архитектор Улан Бейшенбиев тарабынан жасалган.
Ошентип, «Ата-Бейиттеги» Чыңгыз Айтматовдун жайы кыргызстандыктар, дегеле Айтматовдун чыгармачылыгын билгендер үчүн баасы бийик жайдын бири болуп калды…