Баткен окуясы — мамлекетибиз эгемендүүлүктү алгандан бери Баткен облусунда болуп өткөн окуяларды камтыйт. Бул окуянын натыйжасы оор жоготууларга алып келип, жыйынтыгында көптөгөн эр-азамат жоокерлер курман болгон.
Тарыхый контекст
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу эгемендүүлүк мезгилиндеги эң ири жана эң курч аскердик-саясий кризистердин бири катары бааланат. Бул конфликт Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Тажикстан Республикасы ортосундагы чек ара маселелеринин узак мөөнөттүү тарыхый, укуктук жана институционалдык чечилбестигинин жыйынтыгы катары калыптанган.
Куралдуу жаңжал XX кылымдын 1920–1930-жылдарында жүргүзүлгөн советтик улуттук-аймактык бөлүштүрүүнүн мурастары, суу жана жер ресурстарынын тартыштыгы, административдик-аймактык башкаруунун спецификасы жана постсоветтик мамлекеттердин чек ара коопсуздугун камсыз кылуудагы институционалдык алсыздыгы менен түздөн-түз байланыштуу болгон. Баткен окуясы алгач 1999-жылда диний экстремистик топтун Кыргызстандын аймагына басып кириши менен башталган. Андан кийин, 2021-жылдын жаз айларында, 2022-жылдын күз айларында кыргыз-тажик чек ара чырындагы, Тажик тараптын мекенибиздин аймагын басып кирүүсү менен уланган.
1999-жыл
Диний экстремисттердин тобу 1999-жылы август айынын башында эгемендүү Кыргыз Республикасынын түштүгүнө басып киришип, Баткен районунда өздөрүнүн лагерлерин курган жана аларды чыңдоого аракет кылышкан. Өздөрүн Өзбек Республикасынын мамлекеттик бийлигинин оппозициясыбыз деп эсептеген бандиттик топтор Кыргызстандын аймагын өздөрүнүн базасына айландыруу, тажрыйбасы жок жергиликтүү жаштардын башын айлантып өздөрүнө тартуу, алардан келечектеги баскынчыларды даярдоо максатын көздөшкөн.
Бул каргашалуу окуя, тарыхта “Баткен коогалаңы”, “Баткен согушу” же “Баткен окуясы” деп сакталып калды. Баткен согушу аяктагандан кийин 300 жоокер бийик даражалуу сыйлык менен сыйланган, алардын ичинде эрдик көрсөтүп курман болгон 17 аскер адамдары да бар. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин буйругу менен 26-октябрь - “Баткен коогалаңынан курман болгондорду эскерүү күнү” деп белгиленет.
2021-жыл
2021-жылдын 28-29-30-апрелинде жана 1-майында, кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Конфликт кыргыз-тажик чек арасынын бардык заставаларында болуп, Баткен облусунун Баткен районунда жана Лейлек районунда чек арага жакын жайгашкан айылдарда болуп өткөн. Эки райондо тең оор жоготуулар болгон.
Чыр-чатактын башталышы Баткен районундагы Көк-Таш айылынан аккан Ак-Суу дарыясында жайгашкан “Головной” суу бөлүчтүргүчүндө эки элдин ортосунда талаш чыгыш, аскердик кагылышууга түрткөн.
Эки тараптуу кагылышууда 34 жараныбыз мерт кетип, 178 адам ар кандай жаракаттарды алган.
2022-жыл
2022-жылдын сентябрь айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу постсоветтик мейкиндиктеги эң масштабдуу жана интенсивдүү аскердик жаңжалдардын бири катары тарыхта калды. Бул кагылышуу 2021-жылдагы апрель окуяларынан кийин чечилбей калган аймактык, институционалдык жана саясий карама-каршылыктардын логикалык уландысы болуп саналат. 2022-жылдын 14-сентябрынан 17-сентябрь аралыгында кыргыз-тажик чек арасында оор жоготууларга алып келген окуя болуп калды. Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууга карабай, Баткен жана Ош облустарындагы чек арага жакын жайгашкан айылдарга, жарандык обьектилерге кол салган. 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал курчуп, тажик тараптын агрессиясынан улам, куралдуу кагылыш башталган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет, Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракет кылып, эки мамлекеттин Коопсуздук комитетинин башчылары жана өлкө башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ок атууну токтоотууну макулдашышкан. Ошентсе да, атышуу түнгө барып токтогон.
Тажикстандын куралдуу агрессиясынан улам Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Алардын ичинен 48и аскер кызматкерлери, 15 жай тургундар. Ошондой эле, 200дөн ашык киши ар кандай жаракаттарды алып, 140 миңдей кыргыз жарандары коопсуз жайларга эвакуацияланган. 700гө жакын үй-жай, имараттар талкаланып, анын жарымынан көбү жараксыз абалга кептелген. Бастырып кирүүдөн мамлекет 8млрд. сомдук зыян тарткан.
Каргашалуу окуядан шейит кеткен 48 аскер кызматкерлери баатырларча курман болушту. Алардын ичинен Эламан Ураимов душмандын аскерлерин токтотуу үчүн граната менен өзүн жардырып, 5 тажик аскерин жок кылган. Курман болгон эр-азаматтарыбыздын ичинен жогорку билимдүүлөр да болсо, кээ бирлери мектепти аяктап, кечээ гана мекенге кызмат өтөгө барган.
Танк экипажы
Башында айтып өткөндөй, каза тапкан 48 жоокердин 4 жоокердин сөөгү «Ата-Бейит» УТМКсына коюлган. Алар:
- Дастан Алмазбекович Анарбеков (2001- 2022-жж.)
- Анаркулов Шераалы Ураимович (1990-2022-жж.)
- Санжар Анаркулов (1995-2022-жж.)
- Тилек Жаныбай уулу (1996-2022-жж.)
Мемориалдык жай
Курман болгон жоокерлерге коомдук мамиле эскерүү иш-чараларынын туруктуу жана уюштурулган системасы аркылуу чагылдырылып келет. 2025-жылдын 16-сентябрында "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 2022-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон жоокерлер эскерилип, Баткен окуясына карата мемориалдык жай ачылды.
Баткен окуясынын жүрүшү Кыргызстан эч качан чыр-чатакты биринчи баштабаганын, ар дайым курал колдонбоого аракет кылып келгенин, бирок ар дайым кыргыз тарап жооп кайтарууга аргасыз экенин, ошону менен биргеликте кыргыз эли ынтымакташып иш алып барып, бөлөк элдерге өзүнүн бирдиктүү эл экенин көрсөттү.