Ата-Бейиттин сыры
«Ата-Бейит» КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден-бир көрүстөнү. Көпчүлүк тарыхчылардын пикиринде, Кыргызстандан 40 миңге чукул киши 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон деп айтылат. Бирок репрессияны изилдөөчү Болот Абдрахмановдун изилдөөсүндөгү такталган архивдик маалыматтар боюнча репрессиялангандардын жалпы саны 18 миңге жакын адамды түзгөн. Репрессиялангандардын санын дагы тактоо алдыда турат.
1991-жылы ушул жерде 1938-жылы «улутчул, эл душманы» деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгү көмүлгөн жер табылган. Бүбүйра Кыдыралиева атасынын айткан аманатын жарым кылым сактап жүрүп, кийин Кыргызстан эгемендик алган жылдарда тиешелүү кишилерге айтып, «Ата-Бейиттин» сырын ачкан.
«Далай жылдан кийин атам ооруп калган учурунда эски окуяны эстеп, мага атайын ошону керээз кылды эле. Дүйнө салып кетээрине көзү жеткен экен. «Кызым баягы сасык жыт, түнкү жарыкта шоола чыккан дөбөдө кыргыздын каймактары жатат. Убагы келип, жакшы заман болсо ошону айт кызым. Тууган-уругу зыркырап жүргөндүр» деди эле атам», - деп эскерет Бүбүйра апа. Ал жерди казганда 30-40 см.ге жетпей биринчи баш сөөк табылган. Эң ынанымдуу далил – казган учурда табылган «Атууга чыккан соттун өкүмү тууралуу» билдирме болду.
Сөөктөр кайра жерге берилип, ал жер «Ата-Бейит» деп аталды. Табылган сөөктөрдүн арасында атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов да болгон. «Ата-Бейит» деген атты улуу жазуучу сунуштаган экен.
«Атылган кишилердин сөөгүн ирети жок эле, биринин үстүнөн бирин таштай беришиптир. Анан баш сөөктөрүндө ок тешкен жери – биринчи далил болду», - дейт 137 адамдын сөөгү казып алуунун башында турган тарых илимдеринин доктору, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ардактуу полковниги Болот Абдрахманов.
Кыргызстандын аймагында бир эле «Ата-Бейит» эле эмес, сыры ачылбаган ондогон мындай жайлар болушу мүмкүн экени, алар казуу, тактоо, изилдөө иштерин талап кылаарын тарыхчылар белгилеп жүрүшөт.