Бул баракта
2010-жылдын 7-Апрель окуясы - президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатына каршы оппозиция өкүлдөрүнүн революциялык кадамдары жана жыйынтыгында анын бийлигинин кулашына жана Убактылуу өкмөттүн колуна өтүшүнө алып келген. Роза Отунбаева башында турган Убактылуу өкмөт өз кезегинде конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана өлкөдө парламенттик башкаруу системасын орнотуу жөнүндө иш-аракеттерин жасаган.
Окуянын себептери
Кыргызстанда эгемен мамлекет болгондон бери демонстрация, митингдерсиз бир да жыл өткөн жок. Бийликке нааразылык билдирген элдик толкундоолор туу-чокусуна жетип, эки ирет бийликтин алмашуусуна алып келди. Өлкөбүздүн эгемендүүлүк жылдарынын тарыхында эң эле эсте калаарлык эки окуя – 2005-жылдагы Март жана 2010-жылдагы Апрель окуялары экендиги талашсыз. 2005-жылдын март айында президент Аскар Акаев, ал эми 2010-жылдын апрель айында президент Бакиев өлкөнү таштап качып, соңку революция кан төгүү менен коштолду.
Өлкөнүн экономикасынын пайдубалын түзгөн өндүрүш дээрлик кыйраган. Кыргызстандын экономикасындагы стратегиялык багыттагы кен байлыктарга, отун энергетикасына, өндүрүмдүү өндүрүш каражаттарына байланыш тармактарына эл же мамлекет ээ болбой, үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн менчиктештирүү, чет өлкөлүктөргө пайдаланууга берүү схемалары түзүлүп, ишке ашырылган. Өлкөдө коррупция тыйылмак турсун, ого бетер күч алып, укук коргоо, сот, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү акчасы же таанышы болбогон карайлаган элдин «жонунан кайыш тилген». Мамлекеттик кызматка өздөрүнүн жакындарын, туугандарын, жердештерин алуу күчөгөн. Жаңыдан ишке орношкон мамлекеттик кызматкерлердин адистик деңгээлинин, билиминин, жалпы маданиятынын төмөндүгү, оройлугу, текебердиги коомчулукту иренжиткен. Бакиевдин бийлигинин кулашынын дагы бир себеби — коом менен бийликтин ортосундагы узак убакыт бою чечилбей келаткан карама-каршылык. Адилеттикке, калыстыкка умтулуу бул элибизди толкуткан, революцияга алып келген негизги күч болгон.
Кыргызстандын туруктуу өнүгүү жолуна салууга, корупцияга каршы чындап күрөшүп, мамлекетти кедей өлкөлөрдүн катарынан чыгарууга, демократиялык шайлоо өткөрүп, парламенттик системанын пайдубалын түптөөгө мүмкүнчүлүк берген жол 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциядан кийин ачылган. Бул сапар эл үй-бүлөлүк, кландык системаны биротоло талкалаган. Бирок жеңиш өтө кымбатка турган. Жүзгө жакын жаран курман болуп, миңден ашык адам жаракат алган.
2010-жылдын 7-апрели
7-Апрель окуясы – президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатына каршы оппозиция өкүлдөрүнүн революциялык кадамдары жыйынтыгында, анын бийлигинин кулашына жана Убактылуу өкмөттүн колуна өтүшүнө алып келген. Роза Отунбаева башында турган Убактылуу Өкмөт өз кезегинде конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана өлкөдө парламенттик башкаруу системасын орнотуу жөнүндө иш-аракеттерин жасаган. Убактылуу Өкмөт Бакиевди массалык өлтүрүүлөрдү уюштургандыгы жана бийликти толугу менен басып алгандыгы үчүн айыптап, 22-апрелде жаңы конституциянын иштеп чыгуу маселесин карап, аны референдумга коюу жана 2010-жылы октябрь айында парламенттик шайлоолорду өткөрүү тууралуу маселелерди караган.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстандын калкы өзүнүн тарыхый процесстин жигердүү субъекти жана бийликтин таянычы экендигин бүт дүйнөгө даңазалай алды. Миңдеген жылдарга созулган тарыхынын бардык мезгилдеринде эркиндикти баарынан жогору койгон кыргыз эли бул жолу да эркиндик жолун тандап алды. Авторитардык же диктатордук бийликке баш ийбеген, саясий жана экономикалык кулчулукка каршы күрөшө билген, эркиндикти туу туткан баатыр эл экенин дүйнөлүк коомчулукка дагы бир жолу көрсөтө алды. Биз муну ар дайым эсибизде тутушубуз керек.
Тарых – бул турмуш таалими. Бүгүнкү жана келечектеги бийликке 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы окуялардын улуу сабагы демократиялык туруктуу принциптерден тайбоого жана аны кынтыксыз системалуу саясат катары алып жүрүүгө тарбиялап отурат. Өлкө башчысы кол койгон жарылыкта 7-апрелде окко учкандардын атын түбөлүккө калтыруу, атуулдук коомдун мекенчилдик сезимин арттыруу максатында 7-апрель революция күнү деп жарыяланган.
Эскерүү жана «Таазим» музейи

2010-жылы 7-апрелде Бишкекте өткөн окуяларда президент Курманбек Бакиевге каршы чыккан 90ден ашуун демонстрант каза болгон. Алардын 27синин сөөгү “Ата-Бейит” комплексине коюлган. каршы күрөштүн эстелиги болуп калды.
Апрель окуясына арналган «Таазим» тарыхый-мемориалдык музейи — «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин аймагында жайгашкан заманбап музей. Ал 2020-жылы 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциянын 10 жылдыгынын урматына ачылган. «Таазим» музейи бүгүнкү күндө экспонаттар аркылуу каргашалуу окуяны таасын чагылдырат. Музей санариптештирилген, заманбап видеоэкрандар жана ар кандай тилдерде (кыргыз, орус, англис) маалымат берүүчү аудиогид системасы менен жабдылган.
Курман болгондордун ысымдары
- Абдразаков Алмазбек Асанбекович
- Абдылдаев Кудаш Турдукалиевич
- Абыджанов Алишер Адилбекович
- Ажымамбетов Акылбек Жаныбекович
- Айнидинов Адилет Сыртбаевич
- Айылчиев Азизбек Турсунбекович
- Айылчиев Эмилбек Турдубекович
- Акматов Тимур Шерадилович
- Актанов Чынгыз Шаршеналиевич
- Алдаяров Саламат Мырзалиевич
- Алтынбеков Тенизбек Таабалдиевич
- Аракеев Алтынбек Токтобекович
- Ахметов Пархат Аблажанович
- Ашыралиев Саламатбек Абдиевич
- Ашыров Кудураталы Мамирасилович
- Бейшеев Нурлан Жумашевич
- Бекбоев Канатбек Кубанычбекович
- Бекмамбетов Рашит Сайдинович
- Белеков Бакытбек Карымшакович
- Бостонбаев Максат Өзгөрүшөвич
- Джамансариев Мирлан Султанбекович
- Дооталиев Баястанбек Арыпбекович
- Дубанаев Акылбек Камалович
- Дурусбеков Бердибек Тургуналиевич
- Жангазиев Нурбек Матрешкеевич
- Жантаев Эрлан Касымович
- Жанышбаев Апсамат Абдыраимович
- Жолчубек Уулу Урмат
- Жумаев Мырзабек Усенович
- Жумашев Данияр Суеркулович
- Жээналиев Максатбек Таалайбекович
- Замир Уулу Рустам
- Иманбек Уулу Акылбек
- Исаев Эсенбек Бейшебаевич
- Итикеев Алтынбек Доктурканович
- Кадыралиев Мирлан Алиаксарович
- Казиев Марат Замирович
- Камаев Усенбек Өмүрбекович
- Камбаров Акжол Абдурасулович
- Камчиев Махамаджан Абдрасулович
- Карасартов Адилет Сүйүндүкович
- Каримов Асылбек Султаналиевич
- Керимов Эльдияр Маратбекович
- Кожобеков Рахатбек Маликович
- Кубатбек Уулу Мисирбек
- Кудайбергенов Жолдошбек Таалайбекович
- Кулакунов Шабданбек Жолдошевич
- Кулубаев Жыргалбек Советбекович
- Кущ Никита Викторович
- Кыдыралиев Чубак Сарбалдаевич
- Максутов Эдил Акматович
- Максымбеков Маралбек Сатылганович
- Мамбеталиев Адилет Төлөнович
- Мамбеталиев Сыргак Зарлыкович
- Минбаев Эрнист Тунгатарович
- Мусаев Чолпонбек Бекбаатырович
- Назарбеков Казбек Казакович
- Насыров Аскат Мурзабаевич
- Ниязалиев Эмилбек Кыдырбекович
- Нургазиев Жалил Бейшеевич
- Огомбаев Жылдызбек Мадалбекович
- Омуралиев Эрланбек Жаныгулович
- Омурбек Уулу Адыл
- Осекеев Эмилбек Шамшиевич
- Саадабаев Ырысбек Канатбекович
- Сагынаев Айтбек Турусбекович
- Сагындыков Талант Арыстанбекович
- Сапитов Заирбек Эрекулович
- Сарыбаев Таалайбек Кадырович
- Сатыбалдиев Бекбосын Мадинович
- Сейдесанов Күмүшбек Сүйүтбекович
- Султаналиев Эмиль Орозбекович
- Табалдиев Нурсултан Токтоматович
- Такырбашев Эдил Дамирбекович
- Тойбаев Кайрат Александрович
- Турдалиев Мирланбек Орокмаматович
- Турсуналиев Акылбек Төлөнович
- Усен Уулу Дастан
- Усукеев Алтынбек Өмүрбекович
- Чаргинов Бедиль Шамилевич
- Чынгышев Канатбек Жыргалбекович
- Шабданбек Уулу Алтынбек
- Шамбетов Рустам Дюшенкулович
- Шиян Илья Владимирович
- Шымырбаев Алтынбек Буралхиевич
- Ысыев Беккул Рахманович
- Эликбаев Толобек Уркунбекович
- Эргешов Мирланбек Калилович
- Эсенбай Уулу Адыл
7-апрелди эскерүү – бул Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн өз өмүрлөрүн Мекен үчүн кыйган баатырларга таазим кылуу. “Ата-Бейитке” катарлаш орун алган Бала-Бейит мемориалдык комплекс – бул тарыхтагы акыйсатсыздыкка каршы күрөштүн эстелиги болуп калды.