Бүгүн ачык · 09:00–18:00 Дүйшөмбү — дем алыш Бишкектен 25 км, Чоң-Таш
«Ата-Бейит»

II бөлүк

1916-⁠жылдагы улуттук-⁠боштондук көтөрүлүш

Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына арналып 2016-жылы ачылган эстелик.

«Үркүн» эстелиги
«Үркүн» эстелиги
Көтөрүлүш
1916-жыл
Эстелик ачылган
2016-жылдын 2-сентябры
Түндүктүн бийиктиги
21 м
Бул баракта
  1. 1916-жылдагы көтөрүлүш
  2. Эстеликтин авторлору жана эскерүү күнү

2016-жылы 2-сентябрда 1916-жылдагы Үркүн трагедиясынын 100 жылдыгына арналып, алардын урматына атайын мемориалдык комплекс ачылды. Бул мемориалдык комплекс ачуунун максаты кийинки муундарды шейит кеткен ата-бабалардын арбагына таазим кылдыруу менен, эли-жерин сүйүүгө, патриоттук сезимде тарбиялоого өбөлгө түзүү. Ал эми “Ата-Бейит” улуттук тарыхый комплексиндеги “Үркүнгө” арналган эстелик – ал тарыхый чындык экенинин далили. Жогорку Кеңештин 2008-жылкы токтомуна ылайык, жыл сайын август айынын биринчи жумасы Үркүндө каза болгондорду Эскерүү күнү деп белгиленген.

1916-жылдагы көтөрүлүш

Кыргыз элинин тарыхындагы трагедиялуу окуяларынын бири – 1916-жылы болуп өткөн “Улуу Үркүн” эсептелет. Албетте, орус падышачылыгынын аёосуз эзүүсүнө кабылган жана жер-суусунан, жайыттарынан айрылган кыргыз эли, Биринчи дүйнөлүк согуштун кесепеттеринен келип чыккан оор абалга каршы массалык түрдө көтөрүлүшкө чыккан. Ошондуктан көтөрүлүштүн негизги кыймылдаткыч күчү эл болгондуктан 1916-жылдагы “Үркүн” – элдик боштондук кыймыл деп аталат.

Падышылык Орусиянын өзүнө көз каранды болгон элдерге жүргүзгөн колониялык эзүүсү Биринчи дүйнөлүк согушка карай жогорку чегине жеткен. Мындай эзүүгө чыдабаган колониялык элдер, анын ичинде орустар “Орто Азия”деп атап алган, мурдагы Түркстан аймагындагы бардык калктар орустарга каршы нааразычылыктарын билдире башташкан.

Өзгөчө 1916-жылдын 25-июнунда жарыяланган Николай IIнин жергиликтүүлөрдү тылдагы жумуштарга мобилизациялоо жөнүндө буйругу Түркстандагы калктын массалык каршы чыгууларына алып келген.

1916-жылы көтөрүлүш Орто Азия, Казакстандын кеңири аймагын кучагына алган. Ага 10 млн. жергиликтүү калк тартылган Элдик кыймыл июль айында адегенде толкундоолор түрүндө башталып, августта куралдуу көтөрүлүшкө өсүп жеткен да октябрдын аягына чейин созулган. 1916-жылы 4-июлда Кожент шаарында өткөн толкундоолордон көтөрүлүштүн оту тутанган. Алар падышанын Указына ачыктан-ачык нааразылык билдиришкен. Көп өтпөй мындай толкундоолор бөлөк айыл-кыштактарда, калааларда да башталган.

Кыргызстандын түндүгүндегү көтөрүлүш Түркстандын башка чөлкөмдөрүндөгү толкундоолордон айырмаланып, өтө курч мүнөздө болгон. Бул жакта элдик кыймыл мыкты куралданган падыша аскерлери менен куралдуу кагылышуу деңгээлинде өткөн. Көтөрүлүшкө кыргыз эли менен катар бул аймакта жашаган башка элдердин көпчүлүгү казактар, уйгурлар, дунгандар ж. б. катышкан. Көтөрүлүш июль айында башталып, августта күч алган. Түндүк Кыргызстанда алгачкылардан болуп куралдуу көтөрүлүшкө кеминдик кыргыздар чыгышкан. Бул көтөрүлүштүн жетекчиси катары манап Мөкүш Шабдан уулу хан көтөрүлгөн. Жергиликтүү элдин өз жериндеги феодалдык төбөлдөрдү хан көтөрүп өздөрүнө жетекчи кылышы элдин аң-сезимине сиңген салты менен байланыштуу болгон. Колониялык саясаттын азабын тарткан кыргыз элинин көпчүлүк төбөлдөрү кыйын кезеңде эл менен бирге болушкан.

8-августта Токмокко жанаша жашаган айылдардын калкы көтөрүлгөн. 9-августта Ыбрайым Төлө уулу жетектеген көтөрүлүпгчүлөрдүн чакан тобу Ысык-Көлгө бара жаткан аскерлердин жолун тороп, 178 мылтык жана 30 минден ашуун ок-дары жүктөлгөн арабаны колго түшүрүп алган. Ошол эле учурда Сарыбагыш жана Атаке болуштуктарында чыккан көтөрүлүшчүлөр Кеминдеги Новороссийское кьпптагын, казак-орустардын Самсоновка станциясын курчап турган. Август айынын орто ченинде көтөрүлүш Пишпек уездинин 12 болуштугун кучагына алат. Ысык-Көлдө, Таласта да көтөрүлүшчүлөр күч алат.

Көтөрүлүшкө Тенир-Тоодогу кыргыздар да активдүү катышкан. Кочкор өрөөнү бул жактагы көтөрүлүштүн чордонуна айланат. Көтөрүлүшчүлөр болуш Канат Убуке уулун (Канат Абукин) хан көтөрүп, өздөрунүн башчысы кылып шайлашкан жана ага баш ийүүгө ант беришкен. Канат хан жетекчилик кылган көтөрүлүшчүлөр Алматы менен Ташкенден келген 1,6 миң падыша аскерлери менен беттешкен. Өтө начар куралданган кыргыз көтөрүшчүлөрү замбирек, мылтык менен куралданган регулярдуу аскер бөлүктөрү менен жан аябай салгылашып эрдиктердин үлгүлөрүн көрсөтүшкөн, алардын көпчүлүгү эркиндик үчүн баатырларча курман болушкан. Көл кылаасындагы көтөрүлүш да өтө курч мүнөздө өткөндүгү менен айырмаланган. Бул жактагы көтөрүлүш 5-августта башталып, 10-августта бүткүл Ысык-Көл ойдуңун, Каркыраны кучагына алат. Каркырадагы көтөрүлүштө кыргыздар, казактар, уйгурлар жана дунгандар, ал жактагы 500дөн ашуун дүкөнчөлөрдү талкалашкан. 11-августта кыргыздар менен дунгандар биргелешип Караколго чабуул коюшкан. 13-14-августта көтөрүлүшкө Челпек, Бөрүбаш айылдарындагы сарт-калмактар да активдүү катышкан.

Көтөрүлүш башталаары менен эле анын Түркстанга тарашынан корккон падыша өкмөтү согушуп жаткан армиядан генерал А. Н. Куропаткинди чакыртып, аны Түркстандын генерал-губернаторлугуна дайындаган. 1916-ж. 17-июлунда Түркстанда согуштук абал жарыяланып, согуш министринин буйругу менен Түркстанга 11 батальон, 3,3 миң казак-орус жөнөтүлгөн. Алар 42 замбирек, 69 пулемет менен куралданган.

Күзгө жуук көтөрүлүшчүлөр тоо таянып, чегине баштаган. Мыкты куралданган орус аскерлерине каршы кармаштарда алар оор жоготууларга учурашкан. Сентябрь айында коргонуу мүнөзүндөгү чакан беттешүүлөр болот. Падышалык аскерлердин ырайымсыз кысымына туруштук бере албасына көзү жеткен эл жан айласы кылып, Ата-Журттан качууга аргасыз болгон. Ошентип, кеч күздө кайгылуу Үркүн трагедиясы башталып, 39 болуштуктун эли үрккөн. Кытайга качкан 45 миң түтүн элдин жалпы саны 160 миң адамдан ашып, анын 130 миңге жакыны кыргыздар болгон. Үрккөн элдин малынын көбү таланып, калганы ит-кушка жем болгон.

1917-жылдын башына карата Жети-Суу облусунда 38 миң түтүн, же 150 миң адам зыянга учураган. Ошентип көтөрүлүш жеңилүү менен аяктаган. Анын негизги себеби көтөрүлүштүн алдын ала жакшы даярдалбагандыгы болгон. Жеткиликтүү уюшулбай, көтөрүлүшчүлөр чачырабоого, бөлүнбөөгө аракеттенишкен. Бирок өз ара байланыш солгун болуп, бирдиктүү жетекчилик болбогон. Көтөрүлүшкө чыккандардын согуштук даярдыгы жок эле, курал-жарак жетишсиз болгон. Жазалоочу падышалык аскерлер, албетте согуштук машыгуусу жана куралдануусу жагынан артыкчылык кылган.

Жеңилип калганына карабастан, көтөрүлүштүн тарыхый мааниси зор. Түпкү калк көз каранды эместик үчүн күрөштүн тажрыйбасына ээ болгон. Кубаттуу элдик кыймыл аймактагы колониялык бийликти кыйла алсыраткан. Аймактын колониялык эзүүнүн запкысы жанына баткан көп улуттуу калкынын ынтымагы арткан. Алар падышалыктын колониялык улут саясатына каршы күрөштө бирге болушту. Кыргыз эли Ата журтун бошотуу үчүн, өз алдынчалык үчүн көтөрүлүшкө чыккан. 1916-жылдагы кайгылуу окуя – кыргыз элинин 19-кылымдын экинчи жарымы – 20-кылымдын башындагы улуттук-боштондук кыймылдарынын эң ириси. Ал элдин эсинде «Үркүн» деген ат менен түбөлүккө сакталып калды.

Эстеликтин авторлору жана эскерүү күнү

Улуу Үркүнгө арналган “1916-жылкы Улуттук боштондук көтөрүлүшүнө — 100 жыл” (“Үркүн”) орнотулган “Үркүн” тарыхый комплексинин авторлору, архитекторлор Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын ээси Бейшенбаев Уланбек Абыкеевич, Бейшенбаев Муратбек Ишенбекович жана Бейшенбаев Мирбек Ишенбекович болушкан. 2016-жылдын 2-сентябрында, “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы “Үркүндүн” 100 жылдыгына карата, курман болгондордун эстелик Мемориалы ачылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги “1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук көтөрүлүштүн курмандыктарын эскерүү күнү деп белгилөө жөнүндө” токтомуна ылайык, август айынын биринчи жума күнү 1916-жылы улуттук көтөрүлүштүн курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленет.

1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөшү - элдин эркиндик, адилеттүүлүк жана азаттык үчүн азаптуу күрөшү. Эл башына каран түн түшкөндө да ар-намысы үчүн күрөштүн улуу сабагы. 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүн, кайран элдин таргедиясын эстөө, өнүгүү жолун издөөнүн, айкөлдүктүн жана акылдын сабагы болуусу абзел.